Түлеев менен кошо айыпталып жаткан мэриянын экс-кызматкерлеринин алды 13 жылга, арты 5 жылга кесилди

Бүгүн, 29-июлда Ленин райондук соту депутат Нариман Түлеев менен кошо айыпталып жаткан Бишкек мэриясынын мурунку кызматкерлеринин алдын 13 жылга, артын 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Анда "Кытайдан автобустарды алып келүүдө ири суммадагы акчаны мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алган” деп айыпталган "Тазалык" ишканасын убактылуу жетектеп турган Бакыт Сыдыков 5 жылга, Бишкек мэриясынын Автоунаа ишканасынын экс-директору Медет Кожобергенов 13 жылга, мурунку вице-мэр Валерий Корниенко 10 жылга, Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчилери Руслан Бейшенбаев 10 жылга жана Билимбек Токтобеков 10 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле алардын мүлкү конфискацияланып, күчөтүлгөн режимде жаза мөөнөтүн өтөшмөкчү. Айта кетсек, аталган экс-кызматкерлер Нариман Түлеев мэр болуп турган учурда ири көлөмдөгү коррупциялык иштерди жасаган деп айыпталышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан