Парламент комитетинде судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө сый акы төлөөгө багытталган мыйзам долбоору жактырылды

Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө сый акы төлөөгө багытталган мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунда кеңештин мүчөлөрүнө ай сайын сый акы төлөө керектиги жазылган. "Кеңештин мүчөлөрү аткарган иштин көлөмүн коомдук гана деп эсептөөгө мүмкүн эмес. Анткени ал мамлекеттик маселелерди аткарат жана кандай гана болбосун эмгек акы катары төлөө талап кылынат", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде аталган мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан