Түлеевдин жактоочусу апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылат
Бүгүн, 29-июлда 11 жылга эркинен ажыратылган ЖКнын депутаты Нариман Түлеевдин жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев райондук соттун чечимине макул эмес жана апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрыла турганын айтты. Шаардык сотко 10 күндүн ичинде кайрылат. "3 күндүн ичинде колубузга соттун токтомун алышыбыз керек. Аны карап чыгып, шаардык сотко арызданабыз",- дейт жактоочу. Жактоочу айыпталуучулардын үй-мүлкүнүн конфискацияланышына да макул эмес. Ал мындай чечим айыпталуучунун иш-аракетине анын жакындарынын жооп бериши болуп санала турганын айтат. Айта кетсек, бүгүн Бишкектин Ленин райондук соту коррупциялык иштерге айыпталып жаткан Түлеевди 11 жылга эркинен ажыратты.