Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин Чүй облусуна болгон иш сапары башталды

Бүгүн, 30-июлда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин Чүй облусуна болгон иш сапары башталды. Сапар атайын түзүлгөн жумушчу топ менен биргеликте Сокулук жана Москва райондорунун активдери менен жолугушуудан башталды. Бул жерде Сарпашев жергиликтүү кеңештеринин төрагалары жана бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү менен жергиликтүү бийлик органдарын реформалоого багытталган мыйзам долбоорун талкуулайт. Мындан аркы сапар КОСС айыл чарба кооперативине, “Кыргыз тоют” заводуна, Беловодскийдеги сүт заводуна, “Жунда” нефть иштетүүчү заводуна болот. Андан соң Жайыл жана Панфилов райондорунун активдери менен жолугушуу болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан