Бир өндүрүшкө бириктирилген Тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ат майдан боюнча кылмыш иштери айдын аягына чейин сотко өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
Белгилүү болгондой, Тарых музейин оӊдоодо 101,6 миллион сом, ат майданды оӊдоодо 145,9 миллион сом зыян келтирилген.
"Учурда тергөө амалдары аягына чыга элек. Бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге айып тагылган", - деди Жамшитов.