Депутат башкы прокурордон "Аскарбек Шадиевдин мүлкүн конфискациялоо мыйзамдуу болду беле?" деп кызыкты

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан 2018-жылы аткарылган иштер тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов отчёт берүүдө.

Депутат Рыскелди Момбеков башкы прокурорго Аскарбек Шадиевдин мүлкүн конфискациялоо мыйзамдуу болду беле деген суроо узатты.

“Ооба, мыйзамдуу. Күчүнө кирген соттун чечимине ылайык, Аскарбек Шадиевдин мүлкү алынышы керек болчу”, - деди башкы прокурор.

Депутат бул маселе боюнча абакта отуруп чыккан Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин мисалын келтирди. "Түлеевдин иши боюнча мүлкүн алуу боюнча бир да сөз жок болчу. Азыр бийлик мыйзамды бузуп жатат, алар Түлеевдин конституциялык мыйзамдарын бузуп жатат. Түлеев отуруп чыкты, 61 миллион сом өлчөмүндө келтирилген чыгымды төлөп берди. Эмне себептен анын жана туугандарынын мүлкү конфискацияланып жатат? Мурунку прокурор рейдер болуп калды. Тиешелүү экспертиза мүлктү конфискациялоо боюнча кеп болгонун аныктаган. Бирок Нариман Түлеевдин атасынын жана туугандарынын мүлкү алынган”, - деди Момбеков.

2018-жылы 28-апрелде Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Аскарбек Шадиев өзүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин Хожент-Москва аба каттамы аркылуу Москва шаарындагы "Домодедово" аба майданына учуп барып, андан ары Кыргыз өлкөсүнүн дипломаттык паспорту менен Нью-Йоркко учуп кеткени 1-июнда аныкталган. 25-июнда УКМК тарабынан Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан