2013-жылдын 6 айында борбор шаардагы Мамлекеттик тарых музейине 71 277 адам кирген. Мындай жогорку көрсөткүч музей негизделгенден бери биринчи жолу болгонун аталган мекемеден билдиришти. Борбор шаардын коноктору жана тургундары үчүн музей коллекциясынан атайын кызыктуу көргөзмөлөр уюштурулган. Анын ичинен “Кыргыз элинин 19-кылымдагы жана 20-кылымдын башындагы күмүш жасалгалары” аттуу көргөзмөгө көп киши кирген. Музейге кирген 71 277 адамдын 30 647си музейге билет аркылуу кирсе, 1 110у жыйындар залындагы иш-чаралардын катышуучулары болгон. Ал эми 29 620сы музейдин иш-чараларына келгендер болгон.