Мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаева Дача-СУдагы авиакырсык жана экс-президент Алмазбек Атамбаев тууралуу Kaktus.media редакциясына айтып берди.
"Алмазбек Шаршенович ар дайым ачык иштегиле деп айтчу, тергөөлөрдү таза жүргүзүп, эч нерсени жашырбоону талап кылган. Ал кандайдыр бир нерсени жок кылуу же жашыруу боюнча буйрук берген эмес. Мен муну ачык айта алам", - деди Жолдубаева.
Мындан тышкары ал авиакырсыкты тергөө УКМКнын карамагында экенин жана кылмышка шектүүлөр болгон же болбогонун билбей турганын айтты.
"Бул иш мен алып иликтей турган контролдук иш эмес болчу - мындай болгон жок. Айрым саясатчылар дүрбөлөң чыгарганга аракет кылышкан. Тергөө иши кадимки тартипте жүргөн. Мен баш прокурор болгон кезде бул иш ачык же жабык болгонун эстей албай жатам. Аны караган прокурор мен эмес, башка болчу. Менде өзүм бекиткен адамдардын чектелген тизмеси болгон. Бул кылмыш ишин көзөмөлдөөнү мен жүргүзгөн эмесмин", - деди мурдагы баш прокурор.
Ошондой эле Жолдубаева Алмазбек Атамбаев эч качан кайсы бир кылмыш иши боюнча аны жашыруу буйругун бербегенин баса белгиледи.
Бүгүн интернеттеги социалдык тармактарда "Индира Жолдубаева Атамбаев Дача-СУдагы авиакырсык боюнча бардык далилдерди жок кылганын айтты" деген маалымат тараган.