"Байлап койгонсуп эле мага асыласыз". Жогорку Кеңеште спикер менен депутат кайым айтышты

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастан Жумабеков менен депутат Исхак Масалиевдин ортосунда пикир келишпестик орун алды.

Масалиев: Урматтуу төрага, регламенттин 79-беренесинде "депутат 5 мүнөткө чейин сүйлөсө болот" деп айтылат. Кайсы бир жылы биз аны 3 мүнөткө чейин кыскартканбыз. Бирок муну кайра карап чыгуу керек. Ойлонолу, суроо бергенге 5 мүнөт берилсе, чыгып сүйлөгөнгө да 5 мүнөт берилсин. Ошондо регламентти бузбайбыз.

Жумабеков: Исхак Абсаматович, биз регламент менен кетип жатабыз. Суроолорго 2 мүнөт, талкууга 3 мүнөт деп бекитилген. Ушундай чечим кабыл алынган. Сиз сунуштаңыз, биз карап көрөбүз.

Масалиев: Мен депутаттарга кайрылам, регламенттин 79-беренесине ылайык, талкуу учурунда 5 мүнөткө чейин убакыт берилсин. Кааласа 1 мүнөт же 5 мүнөт сүйлөшсүн. Бирок буга чейинки токтомду жокко чыгаруу керек.

Жумабеков: Сунуштаңыз...

Масалиев: "Сунуштаңыз" эмес, мен сизге айтып жатам, төрага.

Жумабеков: Эмнеге мага айтып жатасыз, мен өзүм чечпейм, добуш менен чечилет. Мени байлап койгонсуп эле мага асыласыз.

Масалиев: Сиз чечесиз, мыйзамда жазылган. Эгер түшүнбөсөңүз, мейли.

Бул кайым айтышууга аралашкан депутат Сайдулла Нышанов төраганы сабырдуу болууга чакырды. "Төрага деген атадай эле болот. Ал бардык нерселерди чечет. Фракция лидерлерине 10 мүнөткө чейин убакыт берип койсоңуздар. Кааласаңыздар добушка коюңуздар", - деди Нышанов.

Бул сунуш добушка коюлуп, катталган 60 депутат колдоду.

Кийин депутат Исхак Масалиев: "Урматтуу төрага, таарынбаңыз, сизге болбосо кимге айтабыз", - деп Жумабековго кайрылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан