Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында 2018-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отчёту угулду.
Башкы прокурордун маалыматына ылайык, өткөн жылы мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары тарабынан 38 миң 971 мыйзам бузуучулук аныкталган. Аларды четтетүү боюнча 14 миң 20 прокурордук актылар түзүлгөн.
"Аныкталган мыйзам бузуучулуктар боюнча тартиптик жана административдик жоопкерчиликке 9 миң 948 адам тартылып, 962 жазык иши козголгон. Ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндардын ордун толтуруунун суммасы прокурордук актылардын негизинде 947 миллион 635 миң 406 сомду түзгөн", - деди Жамшитов.
Саат 9:30да башталган жыйындын жүрүшүндө башкы прокурорго депутаттар тарабынан көптөгөн суроолор берилди. Суроо-жооптор саат 16:00дө аяктады.
Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен 2018-жылдагы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу башкы прокурорунун отчётун канааттандырарлык деп табуу боюнча токтом кабыл алынды.