Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеште Канат Исаевге, Акылбек Жапаровго, Игорь Чудиновго козголгон кылмыш иштери боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын чечими каралды.
Депутат Мирлан Бакиров бул маселе актуалдуулугун жоготконун айтып, убактылуу комиссияны жоюуну сунуштады.
Убактылуу депутаттык комиссияны жоюу сунушу добушка коюлду. Жалпы 112 депутат каттоодон өтүп 61и "макул" деп добуш берди.
Башкы прокуратура 2017-жылы 29-майда УКМКнын материалдарынын негизинде Игорь Чудинов жана Акылбек Жапаровго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошол жылы 31-майда депутаттык комиссия түзүлгөн.
2017-жылы 11-майда Канат Исаевге "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 18-майда Жогорку Кеңеште Канат Исаевдин иши боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.