3-июлда Жогорку Кеңеш тарабынан КРнын акыйкатчысынын бош орду үчүн талапкерлерден арыздарды кабыл алуу башталган. Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, 29-июлга карата акыйкатчы кызматы үчүн ат салышууну каалаган талапкерлердин саны 11 кишиге жетти.
Алар:
1.Нурлан Мотуев – жеке ишкер;
2.Рахатбек Касымалиев – К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинде юрист-консультант;
3.Рита Карасартова – Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын доценти;
4.Асия Сасыкбаева – Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары;
5.Чолпон Койчуманова – Улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун илимий катчысы;
6.Дилшад Нажмидинов – Бишкек шаарынын ИИБинин Биринчи Май районундагы 8-шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык инспектору;
7.Өмүрбек Рыскелдиев – юрист;
8.Мухтар Кожошев – КРнын акыйкатчысынын орун басары;
9.Акылбек Ташбулатов – “Ош облусунун юристтери” коомдук уюмунун башкармалыгынын мүчөсү;
10.Досаалы Иманбердиев – Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын башкы илимий кызматкери;
11.Нурбек Токтакунов – “Прецедент өнөктөштүк топ” коомдук уюмунун директору;
Эске салсак, акыйкатчынын кызмат ордуна фракциялардан сунушталган талапкерлердин документтерин кабыл алуу 15-августта аяктайт.