Биз социалдык тармакта

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери 2 айга камакка алынды

Бүгүн,17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун токтому менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери 2 айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айыпталып жаткандар "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Данияр Бакчиев жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев. Алар жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар боюнча айыпталууда.

Буга чейин УКМК жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар аныкталганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zhaku2017
2019-04-17 23:31:08
Асылбек Жээнбеков менен Раим миллион качан камака алынат. Эмне учун Сапар Исаковго асылган депутаттар, Асылбек Жээнбеков менен Раим миллион жонундо унчукпайсынар. Биздин депутаттар Жээнбековтун тегерегиндеги ууруларды ууру деп айтуудан коркушат экен. Башкасына келгенде кыйын болуп чыга келишет экен.
0
Erik2018
2019-04-18 09:37:36
Мага ушул кезге чейин табышмак бойдон калып жатат. Эмнеге Атамбаев алты жыл Райымды кызматка коюп, аны 4 жыл иштетип бирок былк эттирбей качан гана кызматтан алганда гана күнөлүү деп таап жатат. Иштеп турганда деле Райымга кылмыш ишин козгосо болот эледа. Кептин баары ушул Атамбаевде азыркы бийликте эч кандай күнөө жок.
+3
Erik2018
2019-04-18 09:38:38
Кылмыш ишин туура козгошуптур. Эми жазаларын алып, жегендерин куссун. Азыр өкмөт коррупция менен катуу күрөшүүдө. Мунун өзү чоң жетишкендик.
+3
nabievich
2019-04-18 09:40:19
ууруларды четинен камаш керек туура кылат. тиги Атамбаевдин убагында паспортто улуту деген жерин алып салган срапашовду да жоопко тартыш керек
+1
Take_men
2019-04-18 10:29:08
Суперге сураныч! Главархитектурадагы коррупция боюнча материал чыгаргылачы. Бир жылдан бери үйүмдүн проектисин өткөрбөй жатышат. Баардыгы туптуура жасалган. Болбогон нерсени айтып туш тарапка тээп атышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан