Депутат жүздөгөн кылмыш иштери "шабашка" үчүн ачылып, жабылган болушу мүмкүн экенин айтты

17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отчёту угулду. Анда депутат Исхак Масалиев баш прокурорго ачылып, жабылган жүздөгөн кылмыш иштери боюнча анализдөө керектигин айтты.

"Былтыр Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан 400дөн ашык кылмыш иши жабылыптыр. Ал иштер коркутуп, "шабашка" кылуу үчүн ачылып жатабы?" - деди ал.

"2018-жылы укук коргоо органдары тарабынан 920 кылмыш иши жабылыптыр. Бул жаатта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы өзгөчөлөнгөн. Алар тарабынан 411 кылмыш иши жабылган. Бул эмне "шабашкабы"? Кылмыш ишин ачып, коркутуп, кайра жаап жатышат. Эмне себептен мындай болуп жатат? Бул жагдайды карап чыгуу керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан