Бүгүн, 30-июлда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин Чүй облусундагы иш сапары уланууда. Беловодский айылы менен жолугушууда жергиликтүү тургундар көйгөйлөрүн айтышты. Айылдын аксакалы Ниязбек Конушов Кыргызстанда ар ким өзүн гана ойлой турганын, кадрдык саясат жок экенин айтты. “Бала бакчадан баштап, жогорку бийликке чейин акча бербесең ишиң бүтпөйт. Вице-премьер-министрге карапайым калктын жолугушу кыйын, биздин арыз-муңубуз сизге жетпей калууда”,- деди ал. Өз кезегинде Тайырбек Сарпашев көбүнчө реформа болуп, жыйынтыгы иликтенбей, кандай өзгөрүүлөр болгону билинбей каларын айтты. “Өкмөт акимдердин ишин анализдеп турат. Ал эми жаңы системге ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттары акимдерди кетирүүгө укугу бар. Акимдер тууралуу механизм жаңыланып, элге жакын механизм иштеп чыгуудабыз. Коррупцияны жоюуга аракет кылып жатабыз. Шайлоо учурунда добуш сатып алган учурлар болууда. Эгерде адам акчага бийликти сатып алгысы келсе, демек, ал адам акча үчүн мамлекетти да сатып жибериши ыктымал”,- деди Сарпашев.