Биз социалдык тармакта

"Уят". Депутат Кызыл-Кыяда 30 жылдан бери мектептин курулушу бүтпөй жатканын айтты

Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ар кандай маселелер каралууда. Депутат Зиядин Жамалидинов Кызыл-Кыя шаарында 30 жылдан бери курулуп бүтпөй жаткан мектеп боюнча маселе көтөрдү.

"Кызыл-Кыя шаарында БАМ кичи району бар, ал жерде мындан 30 жыл мурун мектептин курулушу башталган. Мектептин пайдубалы тургузулган, бирок кийин курулуш иштери токтотулган. Бүгүнкү күндө ал жерде жашаган тургундардын саны көбөйгөн. Учурда жергиликтүү тургундар бизге бул маселени чечип берүү өтүнүчү менен кайрылууда. 30 жылдан бери мектептин курулушу бүтпөй жатканы уят. Ушул маселени көзөмөлгө алуу керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sagizgan
2019-04-18 13:29:39
Оаа бутпой калдыго ал мектеп.Фундамент куйулган бойдон турат.Чондугу соонун курулган буткон болсода балдарыбызга жакшы болмок.Азыр окуучу коп шаарга каттап окуп жатышат.Бамдагы мектеп кичинекей эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан