"Борбордогу мектептердин биринин директору менен ашкананын ижарачысынын уруш-талашы бүтпөй, ата-энелер чырды басууга жардам сурап кайрылып жатышат. Мэрди бул маселени өз көзөмөлүнө алуусуна чакырам", - деп бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Эргешов айтты.
"Бишкек шаарында Кытайдын грантына салынган №95-мектеп-гимназиясы бар. Ал жакшы окуу жай, мага ошол жерде окуган окуучунун ата-энеси жардам сурап кайрылды. Бизде мэр барбы же жокпу? Эң ири шаар - Бишкек шаары, анан мектеп жетекчилиги менен мектептин ашканасын ижарага алып иштеткен жарандын уруш-талашы бүтпөй жатат. Бул нерсени окуучулар да көрүп жатышат. Ал экөө бири-бирин жамандап гезиттерге да жазып жатышат. Мэрби же вице-мэрби ушул маселени карап, аягына чыкса жакшы болмок. Бул маселени чечүү керек же болбосо экөөнү тең иштен алуу керек", - деди депутат.
Учурда Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай маселелер каралууда.