2013-жылдын 6 айында 3371 чет элдик атуул Кыргызстандын жарандыгын алган

2013-жылдын 6 айында 3371 чет элдик атуул Кыргызстандын жарандыгын алгандыгын Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинин башчысы Абылмажин Акмашаев билдирди. 

Айтымында, өкмөт Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Украина мамлекеттеринин ортосунда жеңилдетилген түрдө жарандыкты алуу боюнча келишим бар. Келишим боюнча кыргыз жарандыгын алууга жогоруда аталган мамлекеттердин атуулдары, этникалык кыргыздар жана КРнын жарандары менен никеде турган аялдар укуктуу. “Жарандыкты алуу боюнча Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан атуулдарынан арыздар көп түшүүдө. Жыл башынан бери 4 111 арыз каралып, анын 3 371ине уруксат берилди”- дейт  Акмашаев.         

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан