Жогорку Кеңеште гидрометеорологиялык тейлөөнү жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралды

Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеӊештин жыйынында гидрометеорологиялык тейлөөнү жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов баяндама жасады. Анын айтымында, долбоор ишке ашса, анын пайдасын республиканын бардык региондору көрөт. Аба-ырайынын болжолдоолору жана гидрометеорологиялык кубулуштар тууралуу шашылыш эскертүүлөр тагыраак болот.

"Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу 2012-жылы ратификацияланган. Бул макулдашуу менен жетишилген ийгиликтерге карабастан бүгүнкү күндө гидрометеорологиялык байкоо тармагында бир катар кемчиликтер бар, учурда колдонулган технологиялар дүйнөлүк стандарттарга дал келбейт. Мындай жагдайларды эске алган Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы долбоордун 2-фазасынын максаттарына 5 миллион долларын кошумча каржылоого бөлүп берүүгө даяр экендигин билдирген. Каржылоо Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын стандарттык шарттарында бөлүнүп берилет, анын 50 пайызы насыя түрүндө, 50 пайызы грант түрүндө. Ишке ашыруу мөөнөтү 2019-2021-жылдарга каралган", - деди депутат.

Ратификациялык мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан