Юстиция министрлиги мекеменин юридикалык жактарындагы электрондук маалымат базасында "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" документине өзгөрүүлөрдүн киргендиги боюнча маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясын кайра каттоодон өткөрүү боюнча министрликке документтер келип түшкөн эмес.
"Бирок ушул жылдын 5-апрелинде "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү" мыйзамдын 18-беренесинин талаптарынын алкагында Юстиция министрлигинин дарегине Сагынбек Абдрахмановдун колу менен "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясынын жетекчисин, саясий кеӊештин курамын жана саясий партиянын жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө кабардама келип түшкөн. Бул кабардамага аталган партиянын 2019-жылдын 3-апрелинде өткөн 18-съездинин протоколунун көчүрмөсү жана жаӊы жетекчинин (С.Абдрахмановдун) паспортунун көчүрмөсү тиркелген.
Аталган мыйзамдын 18-беренесине ылайык юридикалык жак мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып, 30 күндүн ичинде каттоочу органга маалымдоого милдеттүү, анын ичинде төмөнкү маалыматтар өзгөргөн учурда:
- жетектөөчү органынын курамы, жетекчиси;
- жайгашкан жери (юридикалык дареги).
Бул учурда каттоочу органга жаӊы жетекчини тандоо жана жайгашкан жерин өзгөртүү жөнүндө чечимди, ошондой эле паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн башка документтин көчүрмөсүн тиркелип, юридикалык жактын жетекчисинин колу менен кабардама берилет. Башкача айтканда, юридикалык жактын жетекчисин алмаштыруу жөнүндө юстиция министрлигине жиберилген кабардама юридикалык жактын милдети болуп саналат, ал эми юстиция министрлиги үчүн аталган билдирүү кабарландыруу мүнөзүндө болот.
Белгилеп кетсек, кабарландыруу мүнөзү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы жана ишенимдүүлүгү үчүн юридикалык жоопкерчилик арыз ээсинде болушун талап кылат.
Мындай учурларда каттоочу орган кабардаманы алып, 7 иш күндүн ичинде мамлекеттик реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизет жана бул жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга кабарлаш керек. Андыктан, бул иш-аракеттер Юстиция министрлиги тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жасалган", - деп жазылат аталган министрликтин маалыматында.
Буга чейин КСДПнын жаңы төрагасымын деген Сагынбек Абдрахманов жана КСДПнын төрагасынын орун басарлары, саясий кеңешинин мүчөлөрү маалымат жыйын беришти.