КСДПнын саясий кеңешинин төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго КСДПнын айланасындагы кырдаал боюнча кайрылуу жасады. Бул кайрылууну бүгүн, 18-апрелде маалымат жыйынында журналисттерге партиянын расмий өкүлдөрү таратышты.
Анда Атамбаев КСДПнын төрагасынын атын өзгөртүү боюнча Юстиция министрлигинин чечимин мыйзамсыз деп тануу керектигин айтууда. "Юстиция министрлиги эң ири саясий партиянын расмий кайрылууларына жооп бербей, партияга байланыштуу коомдук резонансты эске алган жок. Демек, министрде жана анын орун басарында жазасыз калам деген ишенич бар. Алардын аракеттери президенттин "Мамлекеттик органдар тигил же бул топтун кысымынын негизинде эмес, мыйзамдын чегинде иштейт" деген убадасына карама-каршы келет. Ким аларга мындай ишеничти берди? Ошондуктан Юстиция министрлигинин жетекчилери жана кызматкерлери гана эмес, бул мекемени көзөмөлдөгөн президент жана өкмөт аппараттындагы кызматтык адамдар суракка алынышы зарыл", - деп айтылат экс-президенттин кайрылуусунда.
Бүгүн эртең менен Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" документине өзгөрүүлөр киргени белгилүү болду. "Партиянын жетекчисинин аты-жөнү" деген жерде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевич деп жазылды.
Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевден кайрылуу келип түшкөнүн тастыктады.