Депутат Төрөбай Зулпукаров: "КСДПнын талашка түшүшү бул рейдерлик экенин сот айтышы керек"

Юстиция министрлиги КДСПнын төрагасы деп Сагынбек Абдрахмановго өзгөрткөнү белгилүү болду.

Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында өлкө аймактарында жыйындарды өткөргөн. 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы уюштурган КСДПнын курултайы өткөн. Анда саясий кеңештин мүчөлөрү катышпаган жыйында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин партиядагы төрагалык ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселеси бир добуштан колдоо таап, жаңы лидер болуп Сагынбек Абдрахманов шайланган.

SUPER.KG порталынын "КСДПнын талашка түшүшү бул рейдерликтин жаңы деңгээлге көтөрүлүшүбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров жооп берди. Ал нааразы болгон тарап сотко кайрылышы керектигин айтты.

"КСДПнын талашка түшүшү бул рейдерлик, баскынчылык деп сот айтышы керек. Нааразы болгон тарап укук коргоо органдарына кайрылышы шарт. Биз укуктук мамлекетте жашап жатабыз. Абдрахманов Юстиция министрлигинин чечимин мыйзамдуу деп жатса, мыйзамсыз деген тарап сотко кайрылышы керек", - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Ирина Карамушкина, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Данияр Тербишалиев, Мээрбек Мискенбаев, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан