Юстиция министрлиги КДСПнын төрагасы деп Сагынбек Абдрахмановго өзгөрткөнү белгилүү болду.
Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында өлкө аймактарында жыйындарды өткөргөн. 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы уюштурган КСДПнын курултайы өткөн. Анда саясий кеңештин мүчөлөрү катышпаган жыйында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин партиядагы төрагалык ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселеси бир добуштан колдоо таап, жаңы лидер болуп Сагынбек Абдрахманов шайланган.
SUPER.KG порталынын "КСДПнын талашка түшүшү бул рейдерликтин жаңы деңгээлге көтөрүлүшүбү?" деген соболуна КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов жооп берди. Анын айтымында, бийликтин максаты – расмий КСДПны 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катыштырбоо.
"Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков КСДПнын атынан шайланган. Бирок бир жарым жылдан кийин бул партияны рейдерлик жол менен тартып алуу аракети болууда. Акаев жана Бакиев мындайга барган эмес. Бул көрүнүш президенттин өзүнө белги болуш керек, анткени анын аброюна жана рейтингине терс таасирин тийгизүүдө.
“КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын башында турган Сагынбек Абдрахманов парламенттик шайлоодо КСДПнын атынан катышууга үмүттөнбөй эле койсун. Ал өз ишин кылды, аны пайдаланып бүтүштү. Эгер чындап альтернативдүү КСДПны түзүү ниети болгондо, Иса Өмүркулов сыяктуу партиянын мурдагы мүчөлөрү жана КСДП фракциясынан депутаттар ага кирмек. Ошондуктан бийликтин максаты КСДПны шайлоого катыштырбоо болгон. Ал эми Абдрахманов түзгөн партияны эсептен чыгарып коюшат", - деди Турдукулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Төрөбай Зулпукаров, Ирина Карамушкина, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Данияр Тербишалиев, Мээрбек Мискенбаев, КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.