Борбор калаадагы 47 жаңы конуштун ичинен 17сине гана газ киргизилген. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын жыйынында шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.
Анын айтымына караганда, бул жагдай да абанын булганышына чоң өбөлгө болууда.
“Эгер бардык жаңы конуштарга газ киргизилип калса, абанын булганышын азайтууга мүмкүн болот. Борбор калаанын ар бир районунда 400гө жакын мончолор бар, аларды ысытуу үчүн баарында көмүр жагылат. Мындан сырткары, көчөлөргө асфальт төшөлбөгөнү да абанын булганышынын бирден бир себеби болууда”, - деди Түлөбаев.