Биз социалдык тармакта

Депутат Бишкекте отургузулган карагайларды "пайдасыз" деди

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңеште "Кыргызстан" фракциясынын жыйыны өтүп, анда Бишкек жана Оштун экологиялык абалы боюнча маалымат угууда.

Жыйын учурунда депутат Руслан Чойбеков карагайлардын ордуна теректерди отургузуу керектигин айтты. "5-6 пайдасы жок карагайга караганда 1 теректин пайдасы көбүрөөк. Терек көп кычкылтек чыгарат. Бир терек 4 адамга кычкылтек берип жатпайбы. Конденсациялык от казандарга өтүүдөн мурун шаардык мэрия жаңы конуштарда бак-дарактарды отургузуу иштерин жүргүзүшү керек. Сиздер эмне иш аткарып жатасыздыр, канча бак-дарак отургузулду?" - деп сурады мэриядан депутат.

Шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев: "Бул жылы Бишкек шаарында 6 миңден ашуун карагай, 1,5 миллион бир жылдык гүлдөр, 20 миң роза гүлдөрү отургузулду. Бул нерселерден баары шаардын бир нече районунда отургузулду. Мындан сырткары шаар тургундары эс алып, сейилдөөсү үчүн жайлар ачылды", - деп жооп берди. Мындан сырткары, ал шаар ичине терек отургузууга болбой турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
baisogur
2019-04-19 14:27:16
Терек бат сынат аны ар жылы бутап туруш керек анан кыйганды элестете бер кран менен
0
Alinur96kg
2019-04-19 14:56:13
Ушуга окшоп суйлогон депутаттардан пайда жок.120 сынын ордуна 50-60 эле депутат болсо ошол пайдалуу болмок.Мындай карасан оздоруно тиешелуу болуп калат экен айткандары.
0
NURSAPAR
2019-04-19 18:35:21
Терек морт келет. Тез сынат. Тез каарыйт. Сабаты жок депутат окшойт. Ушундай эл өкүлдөрү башкарса оңбойбуз го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан