Биз социалдык тармакта

Ат-Башы каналына түшүп кеткен 5 жашар баланын жансыз денеси 8 күндөн кийин табылды. Аны 150дөй куткаруучу издеди

Чүйдүн Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына чөгүп кеткен 5 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5 жаштагы Б.Б. аттуу баланын жансыз денесин бүгүн, 19-апрелде саат 12:15 чамасында Чоң Чүй каналынан ӨКМнын суучулдары таап чыгышкан. Бала чөгүп кеткен жеринен 12-13 километр төмөн карай агып кеткени жазылат маалыматта.

5 жаштагы Б.Б. 11-апрель күнү Ат-Башы каналына чөгүп кеткен. Аны издөө иштерине жалпысынан 148 куткаруучу тартылган. Алардын 18и суучулдар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jasa
2019-04-19 14:15:18
Кандай гана окунучтуу,аьа энесине сабр
+6
Kubat77
2019-04-19 17:52:02
Сабыр.
+1
Nur777
2019-04-19 19:24:06
Жайы жаннаттан болсун,ата-энесине сабыр берсин..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан