Жакынкы 3 саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамал болушу мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-апрелде жакынкы 3 саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө болжол менен ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы мүмкүн. Министрлик аталган шаардын жана облустун тургундарын сак болууга чакырат.