Ысык-Көл облусунда жайкы сезонго аз калды. Кыргыз берметине жылдагыдай көптөгөн туристтердин келип эс алары күтүлүүдө. Муну менен өлкөнүн экономикасына салым кошулат. Бирок быйыл Ысык-Көлдөгү "Кызыл-Омпол" уран кенинин айланасындагы маалыматтар туристтерди качырышы мүмкүн. Бул маселе парламентте да көтөрүлүүдө.
SUPER.KG порталы "Ысык-Көлдө уран казылары сынга алынууда. Бул окуя туризмге терс таасирин тийгизбейби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жооп берди. Анын айтымында, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция "Кызыл-Омпол" уран кенин текшериши керек.
"Акыркы күндөрү бул тема элди кооптонткон маселеге айланды. Социалдык тармактарда көп талкууланып жатат. Өткөндө бул маселе боюнча өкмөттүн позициясын билдирүүнү өтүнүп кайрылгам. "Кат түрүндө жооп берилет" деген, расмий жооп келе элек. Бирок бүгүн расмий сайтта өкмөттүн жообу пайда болду. Ал жоопто "UrAsia in Kyrgyzstan" (Кыргыз өлкөсүндөгү ЮрАзия) ишканасына "Кызыл-Омпол" лицензиялык аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгѳ 2010-жылы лицензия берилгени боюнча маалымат айтылат. Мындан сырткары радиоактивдик кумдардын негизги массасы кесиктин (разрездин) жогору бѳлүгүндѳ 25 метр тереңдикте турат деп айтылган. Аны казып, Кара-Балтага алып барып, зыянын жок кылып, кайра алып келинет деген жооп айтылган.
Бул жерде кандай болсо да калкка туура маалымат жеткирүү зарыл. Туристтер эле эмес, биздин жарандар деле урандын таасиринен жаратылыш өзгөрүп, адамга да терс таасирин тийгизерин билишет. Анан мындай турист эмес, башка аймактардын тургундары деле Ысык-Көлгө баруудан кооптонуп калышы мүмкүн. Азыркы тапта элге туура маалыматты жеткирип, эгер зыяны жок болсо тынчтандырып, ал эми зыяндуу болсо анын ишмердүүлүгүн токтотуу керек. Жоопто айтылгандай зыяны жок болсо да, мен Экотехинспекцияга кайрылып, муну текшертүүнү талап кылам”, - деди Маматалиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Жунус уулу, Кожобек Рыспаев, "Жашылдар партиясынын" лидери Эркин Булекбаев, эколог Эмил Шүкүровдун пикири төмөнкү шилтемеде.