Талас шаарынын 14 жаштагы Гаухар Абасбекова аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал 17-апрелде саат 07:40та үйүнөн чыгып кеткен.
Кийип жүргөн кийимдери: кочкул кызыл күрмө, көк юбка, кара бут кийим. Кызыл рюкзак көтөрүп жүргөн. Көз айнек тагынат.
Өзгөчө белгилери: бою 165 сантиметр, чачы, көзү кара.
Кимде ким сүрөттөгү кызды көрүп-билген болсо, 102 кызматына кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.