Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында ботаникалык бактагы көйгөйлөр тууралуу айтылды. “Ботаникалык бакта 4 лаборатория бар. Жалпы 64 адам иштейт. Илимий кызматкерлер жетишсиз. Ошондой эле атайын техникалар жок. Өкмөт ботаникалык бакты өнүктүрүү үчүн каражат бөлүнө турганын билдирген. Бирок бөлүнгөн жок”, - дейт ботаникалык бактын директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева.
Депутат Улугбек Ормонов ботаникалык бакка тосмо орнотуу үчүн жана атайын техникаларды сатып алууга өкмөттөн каражат бөлүп берүүнү суранды.