- Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич, 2019-жылы "КГРК" ААК башкы директору Данияр Исаков менен "Борбордук-Азия уран компаниясынын" негизги акционери Владимир Попов, "Борбордук-Азия уран компаниясы" ЖЧКсы, "Кара-Балта" тоо кен комбинаты" ААК ("КГРК" ААК) Кызыл-Омпол кенинде уран өндүрүүгө инвестиция бөлөөрүн кабарлаган.
Аталган кен 1952-жылы табылган, бирок ошол кезде эле жалпы союздук маанидеги курорт болуп саналган Ысык-Көл ойдуңу үчүн зыяндуу тобокелчилиги бар болгондугуна байланыштуу уран казып алуу ишке ашырылган эмес.
Өткөн жылдын 10-октябрында өткөн "Жашыл экономика-2018" жумалыгынын алкагында эл аралык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда, сиз биздин өкмөт "жашыл экономиканы" түзүү боюнча дүйнөлүк саясатты колдоого чечкиндүү багыт алганын жарыя салгансыз.
Анын үстүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532 VI Токтому менен "Кыргызстан – жашыл экономика өлкөсү" деп аталган Кыргыз Республикасынын жашыл экономика КОНЦЕПЦИЯСЫ кабыл алынган.
Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич, "Жашыл экономика" түшүнүгү менен уран өндүрүү кантип айкалышат?
Ушул жылдын 25-январында сиз кезектеги өкмөт жыйынында Туризм экономиканын келечектүү тармагы экенин белгилеп, ошон үчүн бул тармакка чоң үмүт артылаарын, Кыргызстанда туристтерди тартууга керектүү кооз жаратылышы, тарыхый-маданий эстеликтер, меймандос калкыбыз бар экендигин билдиргенсиз.
Өткөн жылы туризмден түшкөн киреше Кыргыз Республикасынын Ички дүң өнүмүнүн 5 пайызын түздү. Кыргызстан дүйнөгө таза табияты менен таанылган жана жагымдуу табигый туристтик ажайып жайлардын 10 дүйнөлүк тизмесинин катарына кирген. 2017-жылы чет элдик туристтерден Кыргызстандын бюджетине дээрлик 420 миллион доллар киреше алып келген.
Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич, уран өндүрүлгөн шартта туризмди кантип өнүктүрүүгө болот? Өлкө үчүн аталган кенди иштетүү, туризмден көп киреше алып келеби? Уранды өндүрүү жана кайра иштетүүгө бөлүнгөн 30 миллион доллар акчадан мамлекет канча пайда көрөт? Уран казуу жыл сайын өлкөгө болжолдуу түрдө жарым миллиард долларлык киреше берген туристтик рынокту талкалабайбы? Уранды өндүрүү туризм тармагындагыдай жумуш орундарын түзө алабы? Бул Кыргызстандын аброюна терс таасир этпейби? Дегеле уран өндүрүлүп жана иштетилип жаткан өлкөгө туристтер келеби?
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпысынан 286 миллион тонна уран жана башка өтө уулуу радиоактивдүү калдык заттары камтылган. Анын ичинде цианид калдыктары көмүлгөн 92 калдык сакталган жайлар бар. Алар негизинен транс чек аралык дарыяларды жээктей жайгашкан. Кыргызстанда көптөгөн уулуу заттар көмүлгөн калдык сактоо жайлары абдан начар абалда, кокус кырсык болуп кетсе биздин өлкө гана эмес, коңшулар дагы жабыркайт. Аларды рекультивация кылыш үчүн 130 миллион евро жетишпейт. Эксперттердин пикири боюнча, уран өндүрүүнүн кесепеттерин жоюу андан алына турган болжолдуу кирешеден үч эсе кымбат турат.
Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич, буга чейинки уулуу заттар көмүлгөн калдык сактоо жайларынын көйгөйүн чечпей туруп, дагы бир өтө уулуу жана радиациялуу кенди иштетүү акылга сыябы?
Эксперттер бүгүнкү күнү дагы кээде айрым бөлүктөрү ачылып калып жаткан калдык сактоо жайлары жергиликтүү калктын ден соолугуна калыбына келтирилгис зыян тийгизип жатканын айтып, айгай салып келишет.
2010-2015-жылдары Кыргызстанда кайрадан катталган онкологиялык оорулуулар 31 пайызга көбөйгөн, ал эми мындай оорулуулардын жалпы саны 23 пайызга өскөн. Ошол эле учурда, республикадагы жалпы өлүм учурларынын 12 пайызын залалдуу шишиктерден каза тапкандар түзгөн.
Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич, бир жеке менчик компаниянын уран өндүрүүсү улуттун ден соолугунан дагы артык турабы?
Мындан тышкары, сиздин адистер аймак радиациялык кенден тазалоо жүргүзүлөөрүн билдирип жатышат.
Көз карандысыз эксперттер мындай билдирүүнү четке кагууда, анткени кен белгилүү бир тереңдикте жатат жана азыркы учурда радиациялык фон табигый көрсөткүчтөрдөн ашпайт. Кайсыл кенди болсо дагы өндүрүүдө кыртыш ачылат жана курамында кен бар масса тышка чыгарылат. Анын бир бөлүгү гана иштетүүгө кетет, калган чоң бөлүгү керексиз калдык катары жер үстүндө кала берет жана радиациялык нурланууну бөлүп чыгарат.
Кенди казууда колдонула турган оор техникаларды иштетүүдөн чаң көтөрүлөт жана Ысык-Көл акваториясына жана Кемин районунун аймагына шамал менен таралат. Транспортко кенди жүктөөдө Ысык-Көл – Бишкек – Кара-Балта автоунаа трассасына радиоактивдүү чаң сөзсүз төгүлөт.
Кенди "техникалык суу" менен жууп ажыратууда жер алдындагы суулар булганат жана Ысык-Көл менен Чүй суусуна кошулуу коркунучу жаралат.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы боюнча, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин буйругу менен түзүлгөн мекеме аралык жумушчу топ 2018-жылдын 21-февралынан 2019-жылга чейин кен турган жайга 5 жолу барып, калктын өкүлдөрү жана жергиликтүү кеңештин депутаттары жолугушууларды өткөргөн, анда лицензиялык аянттын жана кенге жакын турган жерлердеги табигый радиациялык фондун деңгээлин ченешкен.
20-апрелде Кызыл-Омпол лицензиялык аянтындагы жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүктүн айлана-чөйрөгө, мал чарбачылыгына жана адам ден соолугуна тийгизген таасирине мониторинг жүргүзүү боюнча мекеме аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн кезектеги көчмө жыйыны болду.
Эмне үчүн мамлекеттик кызматкерлердин мындай өкүлчүлүктүү десанты ушундай эле ыкчам түрдө Баткен облусундагы чыр-чатактарды чечүү үчүн барбайт? Казакстан Республикасынын чек ара жабуусун чечүүгө аракет кылбайт? Чет өлкөлөргө жергиликтүү айыл чарба продукцияларынын экспортун уюштурууну колго албайт? Эмне үчүн мамлекеттик кызматкерлер Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын бир жеке компаниянын кызыкчылыгын жактагандай, таасирдүү жактай албайт?
Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич, биз ушул берилген бардык суроолорго жооп алууну талап кылабыз, анткени өкмөт өзүнүн ишмердүүлүгүн өлкө жарандарынын чегерүүлөрүнөн түзүлгөн бюджеттин эсебинен бөлүнгөн каржы менен жүзөгө ашырат жана ушул өкмөттү күтүп, багып турган элдин турмуш-тиричилиги, жашоо-ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө милдеттүү.
Биз бардык чалгындоо иштерин жана кийинки иштетүүгө лицензияны берүүнү токтотууну талап кылабыз. Болбосо улуттук кызыкчылыктарга каршы жеке компаниянын мүдөөсүн коргогон өкмөт мүчөлөрү жана сиз отставкага кетишиңиз керек.
"Замандаш" саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов