Украинанын жаңы президенти болуп Володимир Зеленский шайланды. Украина менен Кыргыз Республикасы чектеш мамлекеттер болбосо да, эгемендик тарыхында окшош саясий жана коомдук көйгөйлөрдү башынан кечирүүдө: эки төңкөрүш, коррупциянын жогорку деңгээли, бөтөн жерде эмгектенген мигранттары, бийликтен көңүлү калган эли.
SUPER.KG порталынын "Украинада Володимир Зеленскийдин шайлоодо жеңиши Кыргыз саясатына кандай таасир этиши мүмкүн?" деген соболуна саясат таануучу Орозбек Молдалиев төмөнкүдөй жооп берди. Анын айтымында, учурда Украина кыйын акыбалда.
"Өлкөнүн чыгышындагы Донбасста согуш аракеттери жүрүүдө, Крым маселеси күн тартибинде турат, эл Евробиримдикке кирүүгө үмүттөнүүдө. Зеленский мунун баарын жасай алабы - чоң маселе. Элдин колдоп бергени жакшы, бирок ага каршы болгон күчтөр чыгат, арасында капчыктуулар жана олигархтар бар. Зеленскийдин убадасы боюнча, алардын кызыкчылыктары кысымга алынат.
Мамлекетти башкарып кетиш үчүн тажрыйба керек, күчтүү командасы болуш шарт. Саясатчылар жана бизнес элита жардам бергендей кылышы зарыл. Баарын бириктире алса анда жакшы болот, бирок бул өтө күмөндүү. Бийликке келиш жеңил, башкарып кетиш кыйын. Бийликти кармап калыш андан да кыйын. Бизде Аскар Акаев оңой келген, Бакиев да оңой келген. Ыңкылаптан кийин эл Атамбаевди тажрыйбалуу оппозиционер катары колдоп президенттикке шайлаган. Эл колдойт жана тез өзгөрүүлөрдү күтөт. Зеленский да кыйынчылыктарга туш келет.
Украина Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинен чыккан, учурда Батышты көздөй саясат жүргүзүүдө. Саясий сабактары жагынан бизге тажрыйбасы керек болот. Орусия менен мамиле бузулганда Орусия кандай мамиле кыларын көрсөк болот. Украиндер менен орустар бир тууган эл да. Азыр ушул бир тууган элдин акыбалын көрүп турабыз", - деди Молдалиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Дастан Бекешев, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, саясатчы Адахан Мадумаров, саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.