Психотроптук заттар менен кармалган студент боюнча ИИМдин академиясы төмөндөгүлөрдү маалымдайт. Шектүү деп кармалгандардын бири 19 жаштагы А.Д. ИИМдин академиясынын курсанты эмес студенти. Себеби ал контракттык негизде окугандыктан студент болуп саналат. Ал эми курсанттар бюджеттик билим алышат, погон тагынып, милициянын формасын кийишет.
"Шектелип кармалган студент А.Д. ИИМдин академиясында контракттык негизде 2-курста окуйт. Ал 19-апрелде сабакка келген. Ал эми 22-23-апрелде сабакка келген эмес. Эмнеге келген эместигин факультеттин кызматкерлери телефон аркылуу апасы менен байланышканда баласы ооруп жаткандыгын билдирген. Аталган факты боюнча ИИМдин академиясында кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлүүдө",- деди басма сөз кызматкери.
20-апрель күнү психотроптук заттарды жайылтуучу каналды түзгөн 20 жана 19 жаштагы студенттер кармалышканы белгилүү болгон.