Борбордук Азияда психотроптук заттарды жайылтуучу каналды түзгөн 20 жана 19 жаштагы студенттер кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 20-апрелде ИИМ академиясынын 2-курсунун курсанты А.Д. менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2-курсунун студенти Н.Н. кармалды. А.Д. аттуу жаранды текшерүү учурунда жанынан 1 килограмм 75 грамм салмакта спайс табылган.
Базардагы баасы 3 миллион сомго барабар болгон зат жаштар арасында таратууга багытталганы аныкталган. Тийиштүү материалдар сотко чейинки тергөөгө алуу үчүн өндүрүшкө катталды.
Азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн аймагында психотроптук заттарды жайылтууга катыштыгы бар жарандарды издөө боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.