2018-жылы өлкөнүн жашоосунда коомдук-саясий окуялар көп болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
"Өкмөт үчүн макроэкономиканы турукташтырууда, социалдык кырдаалды жакшыртууда олуттуу сыноолорду алып келген мезгил болду. 2017-жылдын аягында өнөктөштөр жана кошуналар менен болгон келишпестиктерден улам өлкөбүз кандай экономикалык жагдайга туш келгени баарыбыздын эсибизде болсо керек. Миңдеген жүк ташыган унаалар Кыргыз-Казак чек арасында бир айлап туруп калды. Өлкөбүздүн экономикасына өзгөчө ишкерлерге материалдык залакасы тийди. 2018-жылдын башында Бишкек ЖЭБинде авария болуп шаардыктар жылуулуксуз калды. Коомдук актуалдуу маселелерди чечүүдө бийлик органдары биримдигин көрсөттү", - дейт Абылгазиев.
Учурда парламентте өкмөттүн отчёту каралууда.