Парламентте урандын казылышы боюнча маселе көтөрүлдү

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөт отчёт берип жатат. Анда депутат Камчыбек Жолдошбаев уранды казуу боюнча маселе көтөрдү. Депутат "уранды кыргыз элине зыян тийгизбей тургандай кылып иштетсе болбойбу?" деп сурады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев уран маселеси эки жуманын ичинде абдан талкуу болуп жатканын айтты. "Урандын тарыхына токтолуп маалымат берип койбосок туура эмес маалыматтар болууда. Уранды иштетүүгө Орусиянын 30 миллион долларын алышкан деп айтылып жатат. Бул туура эмес маалымат. "ЮрАзия Кыргызстан" компаниясы 2004-жылы бизден каттоодон өтүптүр. 2010-жылы ноябрда геологиялык изилдөөгө алган экен. 2011-жылы кайра эле геологиялык чалгындоо деп алыптыр. Ал убакта жаратылыш ресурстар министри болуп Кайрат Жумалиев иштептир. 2011-жылы май айында "Кызыл-Омпол" берилген экен. Экинчи жолу Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы лицензиялык келишимге Чоноев кол коюп, узартып беришкен. 2014-жылы 2015-жылга чейин узартууга Дүйшөнбек Зилалиев кол койгон. Ал уранга деп кол койгон. Алар уран өндүрүлөрүн билишкен", - дейт Абылгазиев.

Буга чейин 20-апрель күнү жергиликтүү тургундар "Кызыл-Омпол" уран кенин иштетүүгө каршылыгын билдирип митингге чыгышкан. 22-апрелде да Боом капчыгайында митинг өткөн. Өткөн аптада өкмөт алдындагы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусундагы уран кени тууралуу түшүндүрмөнү жарыялаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан