Биз социалдык тармакта

"Күйүүчү май жетишсиз болууда". Кыргыз аскерлери эл аралык машыгууларда алдыңкы үчилтикке илине албай жатышат

Кыргыз аскерлери эл аралык машыгууларда алдыңкы үчилтикке илине албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде парламенттин жыйынында Коргоо маселелери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында машыгуулар өткөн. "Мындан тышкары биздин аскер кызматкерлери Арменияда, Орусияда өткөн машыгууларда жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Алдыңкы үчилтикке кирген жок, бирок 4-5-орундарды алышууда. Ошондой эле биздин танкисттер жыл сайын танк биатлондоруна катышып, мактоого татыктуу жыйынтыктарды көрсөтүшүүдө. Күйүүчү-майлоочу материалдар жетишсиз берилгендиктен машыгууларыбыз мыкты болбой жатат", - деди Тердикбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан