Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Пирматов күйүүчү майдын баасы төмөндөбөй жатканы боюнча кандай чаралар көрүлө турганын сурады. "Мен буга чейин бензиндин баасын 10 сомго чейин төмөндөтүүгө болорун айттым эле. Бул маселе тармактык комитетте да каралган, сиз дагы бир айдан кийин так маалымат берүүгө убада бергенсиз. Тилекке каршы, азыркыга чейин тийиштүү чаралар көрүлгөн жок", - деди депутат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул багытта чаралар көрүлүп жатканын билдирди. "Казакстан менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Алардын өз пикири бар, биздики да башкача, сунушталган шарттарга макул болбой турушат. Орусия бизге такай колдоо көрсөтүп, алымсыз күйүүчү майларды берип келет. Кимдир бирөөлөрдүн арзан майы үчүн туруктуу өнөктөштөрдөн дароо эле баш тартуу да жарабайт. Бирок бул багыттагы сүйлөшүүлөр улантылат", - дейт өкмөт башчы.
Депутат өкмөт калктын капчыгына ашыкча чыгым келтирип жаткан көйгөйлөрдү чечүү жаатында чараларды көрүшү керектигин айтты.