Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Президент өкмөттү колдоп жатканда бардыгы аларды мактап жатып калышат"

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөт отчёт берди. Отчётту угуп, суроо берип жаткан депутаттар тарабынан өкмөттүн ишине карата кескин сын-пикирлер дээрлик айтылган жок. Буга чейинки комитет жыйындарда да эл өкүлдөрү өкмөттүн ишине карата оң бааларын айткан учурлар болгон. Кечки саат 18:00гө чейин созулган отчёттун калган бөлүгү эртең 25-апрелде да уланмай болду. Мындан улам эртеңки отчёттон кийин өкмөттүн 1 жылдык ишмердүүлүгү канааттандырарлык деп бааланары күтүлгөн иш болуп турат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Абылгазиевдин өкмөтүнүн иши канааттандырарлык болду дегенге кошуласызбы?" деген собол салды.

Суроого Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берип, өлкөдө өкмөттүн эффективдүүлүгүнө президент, анын тегерегиндегилер, мамлекет башчыларга кызмат кылган уюмдар гана баа берет деген оюн айтты.

“Өлкө башчы алардын баарына өкмөттү колдоп жатканы боюнча команда берет. Президент колдоп жатканда бардыгы өкмөттү мактап жатып калышат. Ошонун айынан Абылгазиев “жакшы иштеп жатабыз” деп айтып жатат. Бирок экономикалык көрсөткүчтөрдүн бардыгы артка кетүүдө. Өкмөткө болгон элдин ишеними күндөн-күнгө артка кетип жатат. Бирок президент колдогон үчүн бардыгы өкмөттүн иши жакшы, эффективдүү болуп жатат деген коомдук пикирди элге сиңиргенге аракет кылышууда. Бул туура эмес. Жалпы эл бүгүнкү күндө өкмөттүн алсыздыгын, колунан көп нерсе келбей турганын, программасы жок экенин, экономикалык маселелерди чече албастыгын түшүнүп калды”, - дейт Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Аалы Карашев, Алтынбек Сулайманов, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Мирбек Айтикеев, Адил Турдукулов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, саясий серепчи Сапар Орозбаковдун пикирлерин бул топтомдон окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан