Биз социалдык тармакта

Табып Хашим Зайналиев дарыгерлик ишмердүүлүгүн Оманда жүргүзүүгө уруксат алып, өлкөдөн көчүп кетти

Элдик дарыгер Хашим Зайналиев Оман өлкөсүнө көчүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG`ге журналист Бейшенбек Бекешов билдирди.

Анын айтымында, Зайналиевге дарыгерлик кылуу үчүн Оман өлкөсүнүн бийлиги уруксат берген.

"Табып Хашим Зайналиев бүгүн Оман өлкөсүнө учуп кетти. Жакында эле сот ага ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салган чечим чыгарган. Ушул сыяктуу бийликтин көрсөткөн кысымдарына чыдабай, ал өлкөдөн көчүп кетти. Омандын бийлиги Зайналиевге дарыгерлик кылууга уруксат бериптир. Өзү менен кошо 10 чакты мүшөккө дары чөптөрдү ала кетти. Аны узаткан бейтаптарынын каражаты жеткени артынан барып дарыланабыз дешсе, акчасы жоктор ыйлап-сыктап кала берди", - деди Бекешов.

Хашим Зайналиев буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин уруксаты жок Бишкектеги Көк-Жар конушуна жеке дарылоочу жай ачып, бир нече жылдан бери адамдарды өз алдынча дарылап келген. Буга байланыштуу табыпка карата кылмыш иши ачылып, бирок анын үстүнөн эч ким арызданбагандыктан кайра токтотулган.

Февраль айынын башында Октябрь райондук прокуратурасы 2018-жылдын 25-декабрында козголгон кылмыш ишти эске алуу менен райондук сотко табыптын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп табуу жана лицензияланбаган дары-дармектерди колдонууга тыюу салуу боюнча арыз берген болчу.

Табып Хашим Зайналиев Оман өлкөсүнө көчүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Bekturbek
2019-04-24 22:35:25
Биздин Эл,бири,бирибизди колдогондун ордуна.Бири,бирибиздин көчүгүбүздү ачабыз!!!жаш баладан баштап эл башына чейин!!! ушундайда кантип өнүгүү болсун.
+13
Bekturbek
2019-04-24 22:41:06
Хашим акенин,ишине ийгилик болсун!башка мамлекетти өнүктүрө бериңиз.Биз жакшы нерселерге,акылдуу инсандарга татыктуу эмеспиз!!!
+18
pat12
2019-04-24 23:17:41
Туура болуптур кетсин. Барып арабтарды ырымдап журо берсин.
-13
Nurbelek.
2019-04-24 23:25:08
Көрө албай акырында көчүртүрүп тыныпсыңарда саламаттыкты сактоо министрлиги, уятыңар жок экен.
+9
Dalil
2019-04-25 09:41:49
Nurbelek., ошону айтсаң. Тим эле мамлекеттик ооруканада кишилер өлбөй бир эле анын ооруканасында эле киши өлгөнсүп, өлгөндөрдү бетине кармап алышты. Министрликке берчүүсүн бербей койдуда болбосо уруксат беришмек.
+2
Parish
2019-04-24 23:29:49
Бизде ушундай да,эл оз каалоосу менен барып корунуп аткан да.
Куугунтуктабай эле жон койушу керек эле.
+5
Kyrgyz_bloger
2019-04-24 23:30:17
Саламаттыкты сактоо министрлиги дарылоону бизнес кылып,табыптарды озуно конкурент коруп жатат,бизде дарылар Алматыга караганда 3 эсе кымбат дешет,ушул оорукчандардан акча жасоону качан ким токтотот.
+17
Aiymkunumjyldyzym
2019-04-24 23:53:46
Bizdin chondor ozdoruno okwogon zyiankechterdi chogultat dagy,kerektuu adamdardy kubalait uwintip
+5
Avrora2017
2019-04-25 01:03:08
Айактан бироону олтуруп алса случайна жогорудагыдай кылып , олум жазасына кетет абайласын, кыргызстан эмес ал жер, киши олтурсонор деле чыгып кете берген
+7
Bazana
2019-04-25 01:07:10
Кайсынысы Хашим байке калпакчанбы же кызыл футболкачанбы?
0
Nurbelek.
2019-04-25 04:37:59
Bazana, Калпакчан турганы.
-1
kamchatka
2019-04-25 01:39:18
Хашим ошодон нары жок бол ал жерденда бирону олтуруп алсан сенденда кутулабыз!
-1
Avrora2017
2019-04-25 04:25:03
kamchatka,кочуп келсе керек кайра мешоктору менен , арабдардын арасында жашап кетиш оорда
-2
Aidar151080
2019-04-25 09:14:31
kamchatka,
Эмнеге, больницада андай өлүмдөр жок деп ойлодуңбу?.
+2
Chungyz
2019-04-25 02:53:05
Оман да аман бол
+3
munar1980
2019-04-25 03:18:15
Тыйуу салган эшектер бизде демократия бар аны кубалашпай эле тим койсо болмок ким даарыланса эч кимге богум жок деп тил кат жазып даарылана берсин деп койсо болмок угушума караганда ошол медицина дарылай албай чыгарып койгон коптогон бейтаптар жакшы болуп жатышыптыр
+4
Hanzada.sabih
2019-04-25 07:26:48
Саламаттыкты сактоо минстирлиги кыргыз элин ойлобой эле,бизнести гана ойлоп калгандай...
+7
Pandora
2019-04-25 10:36:30
Тааптарга көрүнбөй эле койгулачы.
-1
Zyzy9477
2019-04-25 11:13:15
Ырас болуптур кеткени.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан