Биз социалдык тармакта

Эртеңден баштап "Коопсуз шаардын" дагы 19 камерасы иштей баштайт (тизме)

Эртең, 26-апрелде "Коопсуз шаар" долбоорунун дагы 19 камерасы ишке киргизилет. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы камералар төмөнкү жерлерде орнотулду.

Бишкек-"Манас" аэропорт жолу:

1. Бишкек-"Манас" аэропорт жолунун 9-чакырымы (Пригородное айылы, май куючу жайдын жанында);

2. Бишкек-"Манас" аэропорт жолунун 10,2-чакырымы (Достук айылынын бурулушунда);

3. Бишкек-"Манас" аэропорт жолунун 13-чакырымы;

4. Бишкек-"Манас" аэропорт жолунун 14,5-чакырымы (Ак-Жол айылы, мектептин тушунда);

5. Бишкек-"Манас" аэропорт жолунун 22,5-чакырымы (Манас айылынын борбору);

6. Бишкек-"Манас" аэропорт жолунун 23-чакырымы (Манас айылындагы май куюучу жайынын тушунда);

7. Бишкек-"Манас" аэропорт жолунун 27-чакырымы ("Ак-Жол" май куюучу жайынын жанында);

8. "Манас" аэропорт жолунун 30-чакырымы.

Бишкек-Кордай унаа жолу:

9. Бишкек-Кордай жолунун 11,5-чакырымы (Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү, 67);

10. Бишкек-Кордай жолунун 15,5-чакырымы (Ленин айылы, Алма-Ата көчөсүндөгү №385чи үйдүн жанында);

11. Бишкек-Кордай жолунун 17-чакырымы (Ленин айылы, "Роснефть" май куюучу жайынын тушунда).

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу:

12. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 59-чакырымы (Токмок шаары, "Нуржамал" кафесинин жанында);

13. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 60-чакырымы (Токмок шаарындагы айланма жолдо);

14. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 68,8-чакырымы (Сайлык айылы, "Толго" дүкөнүнүн бет маңдайында);

15. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 73-чакырымы (Искра айылы, Биянху көчөсүндөгү №107чи үйдүн каршысында);

16. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 78-чакырымы (Чымкоргон айылы, Казакбаев көчөсүндөгү №137чи үйдүн жанында);

17. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 95-чакырымы (Жаңы-Алыш айылы, Орловка шаарынын бурулушунда);

18. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 102-чакырымы (Кемин шаары, Совет жана Кара-Көл көчөлөрүнүн кесилишинде) город Кемин, перекресток улиц Советской и Кара-Кульской (102-й километр);

19. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 18-чакырымы (Алга айылынын бурулушунда).

"Коопсуз шаар" боюнча келишимге ылайык, долбоордун 1-бөлүгүнүн алкагындагы бардык 110 камера 12-майга чейин орнотулуш керек. Ага ылайык, Бишкек шаарында 42, Чүйдө 48 жана аппараттык-программа комплекстеринде 20 камера.

Учурда Бишкек шаарындагы көчөлөргө орнотула турган 28 камера даярдалып жатканын басма сөз кызматынан билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан