Бүгүн, 25-апрелде өкмөттүн парламентте отчёт берүүсү уланууда. Анда сөз депутат Каныбек Иманалиевге берилгенде отчётто айтылбай калган 5 жагдайга токтоло турганын белгилеп, бул 5 жагдай Кыргыз мамлекетинин экономикасы үчүн өтө коркунучтуу экенин айтты.
"Биринчиси - насыялык көз карандылык. Биз дүйнөлүк рейтингде насыяны төлөй албай турган 8 өлкөнүн катарына кирдик. Алар Гвинея, Ооганстан, Мозамбик жана башка өлкөлөр. Беш жылдан кийин жылына 400 миллион доллардан карыз төлөшүбүз керек болот. Кыргыз өкмөтүнүн бул боюнча программасын уга алган жокмун.
Экинчи маселе - импорттук көз карандылык. Мейли, өндүрүш товарлары, курулуш каражаттары ташылып келсин. Бирок күнүмдүк колдонулуучу азык-түлүктөрдүн 70 пайызы сырттан ташылып келип жатат.
Үчүнчүсү - мигранттардын акчасынан көз карандуулугубуз. Бул боюнча биз дүйнөдө 2-орундабыз. Алар да пенсияга чыкканда бул сумма азаят, акча которбой калышат. Ошондо биздин экономика кантет?
Төртүнчүсү - баарыбыз үчүн уят нерсе - жакырчылык. 1 миллион 600 миң биздин мекендешибиз күнүнө 2 долларга жетпеген акчага тамактанып, кийинип жашайт. Бул өтө уят маселе.
Бешинчи чоң коркунуч - дүйнөлүк атаандаштыктагы ордубуз. Бөлөк өлкөлөрдү айтпайын, дүйнөлүк экономикалык атаандаштыкта Тажикстан 71-орунда, биз 111-орундабыз, Билим берүү боюнча 106-орундабыз, Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча 97, Электрондук өкмөт боюнча 101-орундабыз. Анда 5-10 жылдан кийин коңшулардан көз каранды, бул тармактарда аларга атаандаш боло албай турган, өз жанын өзү бага албаган өлкөгө айланышыбыз мүмкүн", - деди ал.