Биз социалдык тармакта

Ош шаарында 60 жаштагы аял уулу жана күйөөсүнөн зомбулук көрүп келгени айтылууда

Ош шаарында 60 жаштагы аял уулу жана күйөөсү тарабынан зомбулук көрүп жүргөнүн айтып, "Ак жүрөк" кризистик борборуна кайрылган. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Дарика Асилбекова билдирди.

Анын айтымында аял кечээ, 24-апрелде кайрылган.

"Бизге аял жактоочусунун жардамы менен кайрылган. Ал өз сөзүндө жолдошу менен уулунан көп жылдан бери зомбулук көрүп жүргөнүн айтат. Мындан улам биринчи топтогу майып да болуп калган. Биз бул боюнча Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына жана Ош шаардык милициясына кайрылдык. Учурда бардык жагдай текшерилүүдө", - деди Асилбекова.

Мындан башка маалыматтар зомбулук көргөн аялдын коопсуздугу үчүн берилбей турганын кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nurkyz1977
2019-04-25 19:45:17
Кудай сактасын. Бирок баласы кантип таш боордук кылсын озу да бей жай окшойт. Эч качан мээримдуу камкор энеге бала туура эмес мамиле кылбайт деп ойлойм. Кудай сактасын бизде деле бала бар ыйман берсин. Мээримге болонуп оскон бала мээримдуу эле болот. Турмуш ар кандай ким билет тагдырдын катталдыгы да адамды озгортот чыгар. Ата эне балдарыбыз аман болуп баарыбызга ыйман ынтымак берсин Жараткан озу жаман нерселерден сактасын.
-1
Avrora2017
2019-04-26 05:01:51
Nurkyz1977,беш кол тен эмес бополоп эркелетип мееримин тогуп баккан баладан деле жинди чыгат акылы жок, андайлар толтура эле болуп ататго энисине
Кол которгон акмактар, кеде олтуро уруп деле салгандарды угуп калабыз, сразу эле аялга жуктой саласынар кунону тобо
-1
ainura220888
2019-04-25 23:36:08
Тооба кылдым тообо кылдым оюма биринчи жаман жургон аял окшойт деп ойлоп кеттим. Баарыбызга Аллахым ынсап берсин
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан