Депутат Дастан Бекешев: "Уран кенин казбоого 20 жылдык мораторий киргизүүнү сунуштадым"

Ысык-Көлдөгү "Кызыл-Омпол" уран кенинин айланасында болуп жаткан талкуу кызуу уланууда. Уран кени казылат деген маалымат тарагандан бери коомчулук анын зыяндуу экенин айтуу менен каршылыгын билдирип жатат.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматов уран кенин казууга 50 жылдык мораторий киргизүүнү сунуш кылышты. Эл өкүлү Дастан Бекешев жогорудагы мыйзам долбоорго өз демилгеси бириктирилерин жарыялады.

22-апрелде Боом капчыгайында урандын казылуусуна каршы митингге 300дөй адам катышкан. Кийин өкмөт кен казуу убактылуу токтотулганын, бүгүн ал жерден техникалар чыгарылганын маалымдады.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Депутаттар уран казууга 50 жылдык мораторий киргизүүнү сунуш кылышты. Уран казууга жылдап тыюу салуу керекпи же биротоло токтотуу зарылбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев уран кенин казууга таптакыр тыюу салсак өзүбүзгө зыян болуп калышы мүмкүн деген пикирде.

"Мен азыр 20 жыл деп мыйзам долбоорун сунуштадым жана аны коомдук талкууга чыгардым. Башка депутаттар 50 жылга деп сунуштап жатышат.

20 жылга дегенимдин себеби бул убакыт аралыгында жаңы технология чыгышы мүмкүн. Бизде уулуу калдык сакталган жайлар бар, аларды кайра иштетебиз, уранды зыянсыз алып чыгабыз дегендер болсо бизге жакшы да. Азыр таптакыр тыюу салсак, анда өзүбүзгө зыян болуп калышы мүмкүн. Себеби мен дүйнөлүк тажрыйбада 50 жылдык мөөнөткө мораторий киргизгенди көргөн жокмун. 20 жылды ойдон чыгарып айткан жокмун да, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап чыгып сунуштадым", - деди Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, эколог Эмил Шүкүров, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, активист Аманбол Бабакулов, Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеевдин пикирлерин бул шилтеме менен кирип окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан