Ысык-Көлдөгү "Кызыл-Омпол" уран кенинин айланасында болуп жаткан талкуу кызуу уланууда. Уран кени казылат деген маалымат тарагандан бери коомчулук анын зыяндуу экенин айтуу менен каршылыгын билдирип жатат.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматов уран кенин казууга 50 жылдык мораторий киргизүүнү сунуш кылышты. Эл өкүлү Дастан Бекешев жогорудагы мыйзам долбоорго өз демилгеси бириктирилерин жарыялады.
22-апрелде Боом капчыгайында урандын казылуусуна каршы митингге 300дөй адам катышкан. Кийин өкмөт кен казуу убактылуу токтотулганын, бүгүн ал жерден техникалар чыгарылганын маалымдады.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Депутаттар уран казууга 50 жылдык мораторий киргизүүнү сунуш кылышты. Уран казууга жылдап тыюу салуу керекпи же биротоло токтотуу зарылбы?" деген собол салды.
Активист Аманбол Бабакуловдун пикиринде, Ысык-Көл облусунда "Кызыл-Омпол" уран кенин казууга түбөлүккө тыюу салуу керек.
“Урандын зыяны боюнча мектепте окуп жүргөндөн бери билебиз. Ошон үчүн уран казууга 50 жылга же 70 жылга дебей, биротоло тыюу салыш керек. Бүгүн Балыкчыда вице-премьер Кубатбек Боронов эл менен жолугушууда кен казган компаниядан лицензияны чакыртып алдык деди. Мындан ары иштегенге акысы жок деди. Бирок эл расмий кагаздарды көрсөтмөйүнчө ишенбей турганын билдирди. Биз тиешелүү токтомдор көрсөтүлмөйүнчө талабыбызды токтотпойбуз. Мындан тышкары ошол лицензияны берген жана Ысык-Көлдө уран казууну туура деген чиновниктерди элди алдаганы үчүн жоопко тартууну талап кылабыз”, - деди Бабакулов.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, Дастан Бекешев, эколог Эмил Шүкүров, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, активист Аманбол Бабакулов, Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеевдин пикирлерин бул шилтеме менен кирип окуңуз.