Парламентте өлкөдө мамлекеттик сатып алуулардын ачык-айкын системин киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды

Кечээ, 26-апрелде парламентте өлкөдө мамлекеттик сатып алуулардын ачык-айкын системин киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору тендерлерде атаандаштыкты андан ары өнүктүрүү, мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерлерге катышууга жергиликтүү ишканаларды көбүрөөк тартуу максатында иштелип чыккан. "Бул мыйзам тендерлерди өткөрүүнүн адам факторунун кийлигишүүсү толук жокко чыгарыла турган электрондук системин киргизүү аркылуу мамлекеттик сатып алуулардын бир кыйла ачык-айкын системин курууга багытталган. Демилгечилердин негиздемесине ылайык, долбоор аркылуу кайсы бир компанияны жактабасын деген максатта алгач эч нерсеге карабай туруп сапатына көңүл буруу үчүн техникалык талаптарга жооп берерин аныктап, андан кийин баасын аныктоо этабына өтүү ыкмасы сунушталууда. Долбоор аркылуу коррупциялык жагдайлар менен кайра-кайра тендер өткөрүүгө же анын мөөнөтүн жылдап узартууга бөгөт коюлат", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан