Биз социалдык тармакта

Базар-Коргондо 1 жумадан бери изделип жаткан 5 жашар баланын жансыз денеси суудан табылды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында 19-апрелден бери изделип жаткан 5 жашар баланын жансыз денеси суудан табылды. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

"19-апрель күнү саат 17:00дө Акман айылынын тургуну 2014-жылы туулган И.Э. аттуу наристе дайынсыз жоголгон.
Бүгүн, 26-апрелде издөө иштери уланып, куткаруучулар саат 10:30да наристенин жансыз денесин Кайырма көлү менен каналдын кошулган жеринен табышты. Анын денеси туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп билдирет аталган министрликтин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан