Бүгүн, 26-апрелде Бишкек шаарында Ысык-Көл облусундагы "Кызыл-Омпол" уран кенин иштетүүгө каршы митинг өттү.
Митингдин катышуучулары депутат Алмамбет Шыкмаматовду курчап алып, "бул жерде өзүңөргө жарнама кылбай эле койгула" дешти.
Шыкмаматов уран казууга 50 жылдык мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканын айтты.
Митингдин катышуучусу мыйзам долбоорун жазбай, мыйзам катары бекитүү керектигин айтты. Депутат мыйзам кабыл алуу боюнча процедура бар экенин эскертти. "Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Уран казууну эл токтотту, парламент же өкмөт токтотту деп айткан жокмун. Элге таазим этиш керек", - дейт Шыкмаматов.