Депутат Алмазбек Баатырбеков: “Жогорку Кеңеште ар бир демилге жөн жерден чыкпайт”

Ош шаарында аймактарды санариптешүүгө арналган форумда мамлекет башчы сөз сүйлөп жаткан учурда аткаминерлердин уйкусурап отурган сүрөттөрү жарыяланган. Жогорку Кеңеште депутат Алтынбек Сулайманов бул маселени көтөрүп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге уктаган чиновниктерди кызматтан кетирүү керектигин айтып, ал эми өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү институтун жоюуну сунуштаган.

SUPER.KG порталынын "Өкмөттүн облустагы өкүлдөрүн жоюу керек деген демилге туурабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков төмөнкүдөй жооп берди.

“Парламентте ар бир демилге сөзсүз түрдө негиздөөлөр болгондо пайда болот. Бул демилге да жөн жерден чыкпаса керек. Ошол учурда ар бир чыккан демилгени өкмөт жакшылап карап, талдап чыгышы керек. Демилге көтөргөн адамдын ой-пикирин, келтирген жүйөлөрүн эске алып, ал системдеги катачылыктарды изилдеп чыгуу зарыл. Мындан кийин өкмөт өзүнүн оюн алып чыгышы керек. Анын жыйынтыгына ылайык, демилгени колдоо же колдобоо чечими кабыл алынышы абзел. Чынын айтсам, бул маселеге буга чейин кызыгып, карап көрбөптүрмүн”, - деди Баатырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Кенжебек Бокоев, Айнуру Алтыбаева, экс-депутат Алишер Мамасалиев, саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикирлерин бул шилтеме менен кирип окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан