Ош шаарында аймактарды санариптешүүгө арналган форумда мамлекет башчы сөз сүйлөп жаткан учурда аткаминерлердин уйкусурап отурган сүрөттөрү жарыяланган. Жогорку Кеңеште депутат Алтынбек Сулайманов бул маселени көтөрүп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге уктаган чиновниктерди кызматтан кетирүү керектигин айтып, ал эми өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү институтун жоюуну сунуштаган.
SUPER.KG порталынын "Өкмөттүн облустагы өкүлдөрүн жоюу керек деген демилге туурабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев төмөнкүдөй жооп берди.
Ал Конституцияда "облустук администрация" же "облустук өкүл" деген түшүнүк жок экенин эскертти. “Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүн жоюу керек деген эң туура демилге. Азыркы күндө райондорду жоюп жибере албайбыз. Анткени бардык мамлекеттик бийлик органдар райондордо бар. Ошондуктан биз облустук деңгээлде жоюшубуз керек. Анткени Конституцияда “райондук администрация” деген бар, ал эми “облустук администрация” же “облустук өкүл” деген жок.
Облустук деңгээлдеги органдарды жоюш керек. 40 райондун 25-30ун калтыруу шарт. Акимдер премьер-министр менен түз иштеши абзел. Бул ишти өкмөт 2023-жылы эмес, 2019-жылы бүтүрүшү керек. Бирок азыркы өкмөт бул нерсени кыла алабы, белгисиз”, - дейт Бокоев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Исхак Масалиев, Айнуру Алтыбаева, экс-депутат Алишер Мамасалиев, саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикирлерин бул шилтеме менен кирип окуңуз.